Арстан (лат. Panthera leo) - мышык сымалдар түрүнө кирүүчү эң ири жырткыч жаныбар. Дене түзүлүшү чың,башы чоң, куйругунун учу кара кылдуу. Денесинин узундугу 2,1 м ге, бийиктиги 1,2м ге, куйругу 1м ге, салмагы 280кг га жетет. Шамдагай жана күчтүү, жүнү тайкы, оңу күрөң сары. Эркегинин мойну менен көөдөн жагында кара күрөң, узун жалы болот. Арстан жалгыздан же 5-10дон топтошуп жүрөт. Арстан Африка менен Түштүк-Батыш Азиянын саванна жарым чөлдөрүндө кездешет. Ал ири сүт эмүүчүлөрдүн (бөкөн, зебр, жираф) эти менен азыктанат, кээде айбанаттардан тарпын, чычкандарды да жейт. Малга же адамга сейрек кол салат. Арстандардын жыныстык жетилүүсү 3-жылы башталып, үйүгүшөт; ургаачысы 4 айча көтөрүп, 1-6 күчүк тууйт. Арстандар зоопарктардын көбүндө багылып, 25-35 жыл жашайт. Арстан колго бат үйрөнүп, капаста тукумдай берет.
...