Чеге гүлдүлөр (лат. Caryophyllaceae) — өсүмдүктөрдүн эки үлуштүүлөр классындагы тукуму. Чөп, кээде чала бадал же бадал. Сапсыз ичке жалбырагы тушташ жайгашат. Гүлү туура түзулүштүү, 5 мүчөлүү, эки жыныстуу. Мөмөсү — кутуча, чанда жаӊгак же жемиш сымал. Чеге гүлдүн 80 урууга кирген 2100 түрү, Кыргызстанда 23 уруунун 113 түрү кездешет.
Кээ бири (чеге гул, дрема ж.б.) кооз өсүмдүк, айрымдары отоо чөп. Чеге гүлдүн самындуу тамырлары халва жана лимонад жасоодо, жүн жана жибек кездемелерди жууш учун колдонулат.