Баклажан (лат. Solanum melongena) – кочкул сыя түстөгү көп жылдык өсүмдүк. Жылуу климатка ыңгайланышкан. Баклажандын мекени – Индия. Индиядан Африкага карай, андан ары 16-кылымда испандар аркылуу Европага жеткен. Тропикалык аймактарда көп жылдык касиетке ээ болсо да, калган климаттык алкактарда бир жылдык гана мүнөзгө ээ.
Санскрит тилинде vatin ganah түрүндө учураса да, кыргыз тилине тажик тилиндеги «باقلجان/боқлаҷон» сөзү аркылуу кирүүсү ыктымал. Фарсча بادنجان, арабча باذنجان, түркчө patlıcan.
Жапайы түрү Ортоңку Чыгыш, Түштүк Азия жана Индияда өсөт. Байыркы санскрит тексттерине таянуу менен, баклажандын мындан 1500 жыл мурда адамдар тарабынан бакчада өстүрүлө баштагандыгын билүүгө болот. Дүйнөнүн башка аймактарына тарашына арабдардын салымы зор. Алар 9-кылымда аны Африкага алып барып өстүрүшкөн. Европалыктар баклажанды алгач ирет 15-кылымдын орто ченинде көрүшкөнү менен, 19-кылымда гана турмуш-тиричилигине кеңири түрдө колдоно башташкан.