dcsimg

Түз канаттуулар ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Түз канаттуулар.

Түз канаттуулар (лат. Orthoptera же Saltatoria) - курт-кумурскалардын туркуму.

Денеси сүйрү келет, ооз органдары кемирүүчү тибинде. Көбү эки жуп канаттуу. Алдыңкы канаты катуу жана кууш келип, паарлары даана байккалат. Арткысы жазы болот да, алдыңкы канатынын астына желпүүр сыяктуу бүктөлөт. Курсагы 10 муунактан туруп, аягы муунаксыз. Көп түрүнүн ургаачысында жумуртка салгычы болот. Түз канаттууларын үн чыгаруучу жана кабыл алуучу өзгөчө анараты бар.

Түз канаттуулар узун жана кыска муруттуулар түркүмчөсүнө бөлүнөт. Алардын 20000ге жакын түрү өзгөчө тропикте таралган. Жумурткаларын бирден же тобу менен топуракка, кээде өсүмдүк сабагына, жалбырагына тууйт. Көпчүлүгү жумуртка түрүндө кыштап, жазында өөрчүп, 4-8 жолу түлөйт. Эгин, жайыт, бак-дарак ж. б-ларга чоң зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Түз канаттуулар: Brief Summary ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src= Түз канаттуулар.