dcsimg

Опалиналар ( القيرغستانية )

المقدمة من wikipedia emerging languages

Опалиналар (лат. Opalina) — мите жөнөкөйлөрдүн шапалактуулар классындагы уруусу.

  • Чоңдугу 1 ммге чейин, формасы жалбырак сымал, денеси кирпикчелер менен капталган. Көп ядролуу цитоплазмасы эндоплаз­ма жанa эктоплазмага бөлүнөт. Оозу жок, жемин денеси менен сиңирет. Жы­ныс жанa жыныссыз жол менен көбөйөт.
  • Опалиналардын бир нече түрү белгилүү.
  • Алар жерде-сууда жашоочулардын, кээде балык жанa сойлоочулардын ичегисинде жашайт. Опалиналардын жыныс процесси жазында көнөк баштын ичегисинде өтөт.
  • Көлмөгө бакадан түшкөн цисталарды көнөк баш азык заттар менен жутат да, анын ичегисинде майда Опалиналар чыгат. Майда Опалиналардын бөлүнүүсүнөн бир ядролуу гамета пайда бо­лот да, алардын уруктануусунан пай­да болгон зиготадан көп ядролуу Опалиналар өөрчүйт.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
ترخيص
cc-by-sa-3.0
حقوق النشر
Wikipedia жазуучу жана редактор
النص الأصلي
زيارة المصدر
موقع الشريك
wikipedia emerging languages

Опалиналар: Brief Summary ( القيرغستانية )

المقدمة من wikipedia emerging languages

Опалиналар (лат. Opalina) — мите жөнөкөйлөрдүн шапалактуулар классындагы уруусу.

Чоңдугу 1 ммге чейин, формасы жалбырак сымал, денеси кирпикчелер менен капталган. Көп ядролуу цитоплазмасы эндоплаз­ма жанa эктоплазмага бөлүнөт. Оозу жок, жемин денеси менен сиңирет. Жы­ныс жанa жыныссыз жол менен көбөйөт. Опалиналардын бир нече түрү белгилүү. Алар жерде-сууда жашоочулардын, кээде балык жанa сойлоочулардын ичегисинде жашайт. Опалиналардын жыныс процесси жазында көнөк баштын ичегисинде өтөт. Көлмөгө бакадан түшкөн цисталарды көнөк баш азык заттар менен жутат да, анын ичегисинде майда Опалиналар чыгат. Майда Опалиналардын бөлүнүүсүнөн бир ядролуу гамета пайда бо­лот да, алардын уруктануусунан пай­да болгон зиготадан көп ядролуу Опалиналар өөрчүйт.
ترخيص
cc-by-sa-3.0
حقوق النشر
Wikipedia жазуучу жана редактор
النص الأصلي
زيارة المصدر
موقع الشريك
wikipedia emerging languages