dcsimg

Илбирс ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages

Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - лат. Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган. [4][5][6]

Турпаты

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу 200-230 см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см.[7][8] Салмагы 27-55 кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт.[9]. Боюнун бийиктиги ийнинде 60 см.[10] Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

Жашоо аймагы жана саны

Негизги жашоо аймагы Борбордук Азиянын тоо кыркалары: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян жана Кунлун жана башкалар болуп, деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки бийиктикте мекендешет. Илбирстер Ооганстанда, Бутанда, Кытайда, Индияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Монголияда, Непалда,Пакистанда, Орусияда, Тажикстанда жана Өзбекстанда таралган.[11] Илбирстин жашаган жерлерине жетүү кыйын болгондуктан алардын жашоосунун көптөгөн учуралары толук маалым эмес.

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыштын фондунун маалыматтарына ылайык түрдүн жалпы саны бардык жашоо ареалдарынын алкагында 3500 - 7500 чейин [12]. Дагы 200 чамалуу илбирс дүйнө өлкөлөрүнүн зоопарктарында кармалып капаста тукумдашат[12].

Илбирстер Кыргызстанда

 src=
Илбирс.

Азыркы учурда илбирстердин саны абдан азайып кеткендиктен алар жоголуу коркунучу алдында турган жаныбарлар катары ХХ кылымда Эл аралык жаратылышты коргоо бирикмесинин кызыл китебине киргизилген. 2010-жылкы такталган маалымат боюнча илбирстерди атууга тыюу салынган.

Кыргызстан илбирстер көп жашаган өлкөлөрдүн катарына кирет. 2013-ж. Кыргызстанда 307 илбирс бар. Ысык-Көл облусунда – 129, Нарын облусунда – 23, Чуй облусунда – 52, Талас облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 52, Ош жана Баткен облустарында – 27.[15]

Кыргызстанда илбирсттер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала-Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорунда кезигет.[16] Илбирстер Беш-Арал коругунда, Ысык-Көл коругунда, Нарын коругунда, Сары-Челек биосфералык коругунда, Сарычат-Эркештам коругунда жана Ала-Арча улуттук сейил багында кезигет.[17] Ананьево айылындагы NABU кайра кубаттандыруу борборунда 5 илбирс бар (09.2013).

Илбирстин кууту

Илбирстин кууту баардык эле мышыктар уруусуна кирүүчүлөр сыяктуу эле бирдин айынан - жалган куран айларында жүрөт. 3-4 жаштарында жетилип куутка катышат, 95-105 күндөй балдарын көтөрөт. Ургаачысы татаал адам оңойлук менен жетпеген, аскалардын жапалак арча, бадал менен капталган үңкүрлөрдө май айында 2-3 баласын тууйт, алардын салм. 350-400 гга чейин болот.

Илбириске аңчылык

Илбирсти бардык эле мергенчи биле бербейт, анын экологиясын, биологиясын билген мергенчилер аз, мындай адамдар илбирстин кылык-жоругун билүү үчүн ага жыл бою көз салуусу жүрүүлөрү керек. Мындай адамдарды элде «илбирс кармоочулар» деп коюшат. Мына ушул илбирсти кармооочулар чоңдорун капкан менен кармашып, балдарын үңкүрлөрдөн алышып сатышат.

Илбирс табышсыз, ылдам, шамдагай жүрөт. Бул түрдүн мекендеген жери эчки-текелер, эликтер жайылып жашаган жерлерине туура келет.

Шилтемелер

  1. 1.0 1.1 Jackson, R., Mallon, D., McCarthy, T., Chundaway, R.A. & Habib, B. (2008). Panthera uncia. In: IUCN 2008. IUCN Red List of Threatened Species. Downloaded on 9 October 2008.
  2. Калып:ITIS
  3. Davis, B.W.; Li G., Murphy W.J (2010 Jul). "Supermatrix and species tree methods resolve phylogenetic relationships within the big cats, Panthera (Carnivora: Felidae)". Molecular Phylogenetic Evolution 56 (56): 64–76.
  4. http://www.sciencedirect.com/science/article/pii/S1055790310000473
  5. https://www.ncbi.nlm.nih.gov/pubmed/20138224
  6. a b c d e f g h i j k Sunquist, Mel; Sunquist, Fiona (2002). Wild cats of the World. Chicago: University of Chicago Press. pp. 377–394. ISBN 0-226-77999-8.
  7. "Snow Leopard Fact Sheet". Snow Leopard Trust. 2008. Retrieved 2008-10-23.
  8. Boitani, Luigi, Simon & Schuster's Guide to Mammals. Simon & Schuster/Touchstone Books (1984), ISBN 978-0-671-42805-1
  9. Ошол эл жерде
  10. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007
  11. 12.0 12.1 12.2 12.3 http://www.wwf.ru/data/publ/irbis.pdf
  12. 13.0 13.1 Animal Info — Snow Leopard
  13. WWF International, 300—400 snow leopards estimated to be found in Nepal, 27. Juli 2009
  14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги
  15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги
  16. International Snow Leopard Trust and Snow Leopard Network. Стратегия развития снежных барсов. Итоговая версия. США, Сиэтл, 2007
license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Илбирс: Brief Summary ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages

Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - лат. Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган.

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор