Кызгылт бирказан (лат. Pelecanus onocrotalus, Linnaeus, 1758):
Экватордук Африка, Жер Ортолук деңиз, Дунайдын делңтасы, Индияга чейин, Жакынкы чыгыштагы өлкөлөр, Казакстан. Кыргызстанда күзгү өтүү мезгилинде кездешкен , кээде кыштайт.
Калың камыштуу чоң көлмөлөр.
Учуп өтүү мезгилде бирин-серин куштар жолуккан. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Бир нече миң жупту түзүшүп чоң колониялар менен уялашат. Уяларын аралчаларга, камыштардын сынып жапырылып калган жерлерине салышат. Уясында 1-3 жумуртка, аны 33-39 күн басып чыгарат. Балыктар менен азыктанат.
Учуп өтүүдө эс алууга керектүү чоң көлмөлөрдүн аздыгы. Дарыялардын гидрологиялык режиминин өзгөрүлүшүнөн, химиялык булганычтан, камыштардын өрттөнүшүнөн, балыктардын запасынын азайышы жашаган жерлеринин бузулушуна алып келет, ошондой эле браконңерлик.
Маалымат жок, бирок көптөгөн зоопарктарда багылат.
1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине , ошондой эле Казакстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын Кызыл китептерине киргизилген.
Сезондук заказниктерди жана Борбордук орнитологиялык территорияларды уюштуруу.
VI категория, Near Threatened, NT: R. Монотиптүү түр.Евразиянын фаунасында уруунун эки түрүнүн бирөө.