dcsimg
Image of Aspidodiadema A. Agassiz 1879
Creatures » » Animal » » Echinoderms »

Sea Urchins

Echinoidea Leske 1778

Деңиз кирписи ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Phyllacanthus imperialis.

Деңиз кирпилери (лат. Echinoidea) – омурткасыз жаныбарлардын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси шар сымал, жалпак же жүрөк сымал. Сырты көптөгөн тикенектүү бири-бири менен жабышып калган ак таш кабыктуу чопкут менен капталган. Анда кыймылдуу ийнелери бар. Чопкуттун диаметри 2–3 ммден 30 смге чейин. Айрым жыныстуу, жумурткасын сууга чачат. Кээ бирлери тирүүлөй тууйт. Балырлар менен азыктанат. Океан, деңиздерде 800 түрү белгилүү. Крабдарга, балыктарга, күрөк буттууларга, деңиз канаттууларына азык болушат. Кээ бир тайыз сууда жашагандары икрасы үчүн кармалат. Кээ бир тропиктик түрлөрү адам үчүн да коркунучтуу, алардын ийнелери 25 смге чейин кирип, абдан ооруксунтат.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор