dcsimg

Лорилер ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Nycticebus bengalensis.

Лорилер (лат. Lorisidae) – чала маймылдар тукуму. Дене узундугу 22–26 смден 35–40 смге жетет. Куйругу кыска же узун, кээде жок болушу да мүмкүн. Манжасы бутак кармоого ыңгайланган. Көзү чоң, айрымдарыныкы тегерете кара алкак менен курчалып, ак сызык менен бөлүнгөн. Кулагы кичине. Тиричилигин түнкүсүн көбүнчө бакта өткөрөт. Бактын бутагын бекем кармап, башын же жонун төмөн каратып илинип турат. Күндүз жыгач оюгунда же калың жалбырак арасына уктайт. Ылгабай азыктанат. Бир аз топ түзүп, жалгыздан же түгөйү менен жүрөт. 1–2 бала тууйт, алар бир суткадан кийин эле бакка илинип жүрө алат. Лорилердин 2 тукумчасы, 4 уруусу, 11 түрү Түндүк Чыгыш Азияда, Африкада таралган.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор