Бийалма, бихи - (лат. Cydonia) роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 1,5-7 м дей. Калың шактуу, жалбырагы жазы, жумуртка сымал, гүлү чоң, жалгыздан, тамыры жерге терең кирип өсөт, жылуу, нымдуу жерде жакшы өсүүчү дарак өсүмдүк. Бир түрү кадимки бийалма Европа, Түндүк Америка, Японияда жана Кыргызстандын түштүгүндө жапыз дарак же бадал сыяктуу өсөт. Саргыч, аңкыган жыттуу мөмөсү октябрь-ноябрда бышат. Мөмөсү алмага окшош, андан кыям, мөмө-жемиш килкилдеги жасалат. Бийалма алмурут менен кыйыштырылат жана кооздук үчүн өстүрүлөт.