dcsimg

Жазы кулактуу жарганат ( Kirgiisi )

tarjonnut wikipedia emerging languages

Жазы кулактуу жарганат (Barbastella leucomelas, Cretzschmar, 1826).

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Кавказ сырты жана Орто Азия тоо кыркалары, Түндүк Индия, Непал, Кашкар аркылуу Синай жарым аралынан тартып Индокытай жана Жапанга чейин. Бардык жерлерде сейрек. Кыргызстанда Ош жана Баткен областтарында, Түркстан, Алай жана Фергана кыркаларынын тоо этектеринде (адырларда) гана табылган. Ички Тянңшанда да табылышы белгилүү.

Жашаган аймактары

Кургак келген тоо этектеринде жайгашкан. Таштуу жана токойлуу үңкүрлөрдө жашашат. Ал жерде оазис талаалары (пахталуу талаалар) жана жайыттар (Ош областынын түштүк-чыгыш чети) жанаша болот. Жайында деңиз деңгээлинен 2200-2500 м ге чейинки бийиктикке көтөрүлөт. Кыргызстанда эң эле жогорку кышкы жайланышы 1000 м бийиктикте экени белгилүү. Эң эле жагымдуу кышкы жашыруун жерлери болуп ташталган шахтылар эсептелишет.

Саны

3-7 особдон турган анча чоң эмес топтуу түзүүчү аз сандуу түр. Көпчүлүк учурда бириндеп жашашат. Кыргызстанда саны боюнча маалыматтар жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)

Кыргызстанда аз изилденген. Адатта үңкүрлөрдүн беттеринде анча чоң эмес чуңкурларды ээлешет, чанда гана бош илинип турат. Тикесинен көчмөндүүлүк кылышат: кышкысын тоо этек алкактагы үңкүрлөрдө жашашат, ал эми жайында жогору тоо тарапка көтөрүлүшөт.Жазы кулактуулардын кышкы чээнге кириши үңкүрдүн температурасына көзкаранды, жана денесинин температурасы андан 1-2°С жогору. Денесинин температурасы 10°С жакын болгондо жарыкты сезишет, себеби кол тийгенде ошол замат чыйпылдап жооп беришет жана 10-15 минуттан кийин активдүү учуп кетүүгө даяр болушат. Мындай абалы температура 6°С жана андан да төмөн болсо байкалбайт. Жазы кулактуулар кыштоосун март-апрелде ташташат. Кыргызстандын шарттарында алардын азыктануусу менен көбөйүшүүсү изилденген эмес.

Чектөөчү факторлор

Кыргызстандын шарттарында табигый душмандары изилденген эмес. Жазы кулактуулардын чогултулган кан соруучу муунактуулар көрсөтүлгөн.

Көбөйтүү (колдо багуу)

Колдо багуусу белгисиз.

Уюштурулган коргоо аракеттери

Жок.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Жашооочу жана жашынуучу жерлерин коргоо.

Статусу

VI категория, Near Threatened, NT: R.

Колдонулган адабияттар

lisenssi
cc-by-sa-3.0
tekijänoikeus
Wikipedia жазуучу жана редактор
alkuperäinen
käy lähteessä
kumppanisivusto
wikipedia emerging languages