dcsimg

Оидиум ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Оидиум.

Оидиумжүзүмдүн зыяндуу ак кебер илдети.

Бул илдетти ак кебер мите козу карын (лат. Uncinula necator) таратат. Жайында аптапта пайда бо­лот. Өсүмдүктүн сабагын, жалбырагы менен мөмөсүн майда каралжын, боз жанa ак кебер басат. Жалбырак күрүшуп, эрте түшөт. Мөмө жарылып, чирий баштайт. Оидиум жүзүм өстүрүлүүчү бардык өлкөдө кездешет. Мекени — Түн. Америка. Закавказье, Крым, Орто Азияда тараган.

Оидиум илдетине чалдыккан жүзүмдөн жасалган шараптын жыты жанa даамы начар болуп, тез бузулат. Жүзүмдүн көп сорту Оидиум илдетине чалдыгат. Айрым сорту (Тавквери, Саперави, Изабелла, Кара мускат, Алиготе) туруктуу келет.

Күрөш чарасы: агротехниканы туура жүргүзүү, илдетке туруктуу сорт чыгаруу жанa эгүү, эрте жазда жана гүлдөгөндөн кийин ар 10—15 кундө кургак күкүрт, аки таштуу күкүрт эритиндисин чачуу. Мөмө бышардан 2—3 жума мурда бул иш токтотулат.

Колдонулган адабияттар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Оидиум: Brief Summary ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src= Оидиум.

Оидиум — жүзүмдүн зыяндуу ак кебер илдети.