Безгек чиркейи, анофелес - (Anopheles) курт-кумурскалар классындагы чиркейлер уруусу. Оозу сайып сорууга ылайыкталган. Буттары денесинен эки эсе узун; ургаачысы айбан жана адам канын сорот, эркеги өсүмдүк ширеси менен азыктанат. Жумурткасын нымдуу жерге таштайт. Өөрчүшү сууда өтөт. Жумурткадан өөрчүп чыккан личинка 4 жолу түлөп, куурчакчага айланат. Жершарында 300, КМШ өлкөлөрүндө 7 түрү ошондой эле Кыргызстанда да учурайт. Алар безгек мителерин оорулуудан таза адамга жугузат. Чиркейдин чагышынан сактаныш үчүн ар түрдүү дарылар, көбүнчө диметилфталат пайдаланылат.