Кундуз (лат. Lutra lutra, Linnaeus, 1758):
Казакстан, Тажикстан. Кыргызстанда мурда Ысыккөл бассейнинин көлмөлөрүндө, Чаткалда, Нарында жана Алай өрөөнүндө жашачу. Азыркы учурда Кыргызстанда Алай өрөөнүндө, Кызылсуу дарыясынын түштүк-батыш бөлүгүндө кездешет. Чаткал жана Үзөңгүкууш дарыяларынын бассейндеринде сакталып калышы мүмкүн.
Балыкка бай, жайылмасы бадалдуу жана бак-дарактуу же аска тектеринин сыныктары бар дарыялардын жана көлдөрдүн жээктери.
Азыркы учурда бир нече жуптан көп эмес.
Изилденген эмес.
Адам тарабынан кырылуусу, балыктын санынын азайышы. Өстүрүү (колдо багуу). Белгисиз.
Аңчылык жасоого тыюу салынган.
Алай өрөөнүндө ӨКЖА түзүү. Азыркы кездеги ареалын иликтөө үчүн Алай өрөөнүнүн территориясын изилдөө. Чаткал өрөөнүндө жана Сарыжаз дарыясынын бассейнинде болжолдуу жашоо аймактарын тактап изилдеп чыгуу.
III категория Critically Endangered, CR: R, C1. Кыргызстанда Lutra lutra seistanica Birula, 1912 түрчөсү жашайт. Борбордук Азиянын эки түрчөсүнүн бири.