Тыйын чанак (лат. Hedysarum, L. 1753) – өсүмдүктүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Көп же бир жылдык чөп, кээси чала бадал. Канаттай татаал жалбырагы кезектешип жайгашкан, жан жалбыракчалуу. Чачыктай топ гүлдөрү мала, ачык же көгүш кызыл, кээси сары же ак. Мөмөсү – тыйындай жалпак чанак. Евразиянын мелүүн областтарында, Түндүк Африкада, Түндүк Америкада 200чө түрү таралган. Кыргызстанда 40 тай түрү өсөт, айрым түрлөрү чабынды шалбаада көп, тоютка пайдаланылат.