Ицерия, австралия курт сымагы (Icerya purchasi) - ири курт сымактар тукумундагы курт-кумурска, цитрус өсүмдүгүнүн зыянкечи.
Денесинин уз. 5-7 мм, жумуру, өңү күрөң. Австралиядан башка өлкөлөргө тараган. Абхазияда, Ажарияда жана Краснодар крайында кездешет. Цитрус өсүмдүгүнө, алтыгана, анжир, анар, кипарис ж. б-ларга зыян келтирет. Ицерия өсүмдүктүн бүчүр, бутак, сабак, жалбырак жана мөмөсүнө жармашып, ширесин сорот. Өсүмдүк өспөй, түшүмү азаят.
Күрөшүү чаралары - родомия коңузун кое берүү, көчөткө инсектицид чачуу ж. б
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.