Осетр балыктары (лат. Acipenseridae) — балыктардын ганоиддер тобундагы тукуму.
Осетр балыктары (лат. Acipenseridae) — балыктардын ганоиддер тобундагы тукуму.
Тумшугу созулуңку келип, тиши жок, 4 муруту бар. Скелети кемирчектүү. Денесинде 5 катар кемирчек түрүлөрү болот. Көкүрөк сузгуч канатынын алдыңкы тармагы жоон, учтуу. Кээ бир чоң Осетр балыктарынын уз. 9 мте (белуга) жетет. Осетр балыктарынын 23 турду бириктирген 4 уруусу (белугалар, осётрлар, күрөк тумшуктуулар жанa жалган курен тумшуктуулар) белгилүү. Алар Тун. жарым шарда тараган. Бардыгы агын сууларда көбөйөт. Жазында жанa жайында шар аккан суунун түбүнө таштаган икрасы субстратта жабышып калат. Бир аз Осетр балыктары агын сууда жашайт. Кээ бири — өтмө балыктар, икрасын өзөнгө таштап, калган тиричилигин денизде өткөрөт. Алар 8—17 жылда көбөйөт. Жырткычтары (белуга ж. б.) да бар.