dcsimg
Image de Crisia Lamouroux 1812
Life » » Animaux »

Bryozoaires

Bryozoa

Мшанкалар ( kirghize )

fourni par wikipedia emerging languages
 src=
Sertella septentrionalis.

Мшанкалар (лат. Bryozoa) – шапалактуулар тибиндеги суу жандыктарынын классы. Колониялуу организмдер, колониясы дарак сымал, чанда көлөмү чоң (бир нече смге чейин). Өзүнчө особдор – зооиддерден (узундугу 1 мм дей) турат. Ар бир особдун назик алдынкы бөлүгү – полипид колониянын үстүнө бир аз чыгып турат жана бир аз дүүлүктүргөндө арткы бөлүгү – цистиддин ичине кирип кетет. Полипидинде тегереги шапалакчалар менен курчалган оозу жана жон анусу жайгашкан. Денесинин экинчилик көңдөйү (целому) жука тосмо менен арткы (дене) жана алдынкы (шапалактуу) бөлүккө бөлүнгөн. Дем алуу жана бөлүп чыгаруу системасы жок. Ичегиси илмек сымал, нерв системасы ганглийден турат, андан нервдер чыгат. Гермофродиттер, жумурткасы сууда, дене көңдөйүндө же атайын камерасында өөрчүйт. Личинкасы раковиналуу же кээ биринде жок. Личинкасы суу түбүнө түшүп, колонияны пайда кылат. Мшанкалардын 4 түркүмү, 4,5 миңдей азыркы, 1,5 миңдей тукуму курут болгон түрү белгилүү. Деңизде, чандасы тузсуз сууда жашайт.

Колдонулган адабияттар

licence
cc-by-sa-3.0
droit d’auteur
Wikipedia жазуучу жана редактор